www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги экс-элчи Раимкул Аттокуровдун Кыргызстандын Орусиянын курамына кириши мүмкүн деп айтканы тууралуу түшүндүрмө берди.

“Раимкул Аттокуров Россиянын жараны болуп саналат, ал жаран катары өзүнүн жеке пикирин гана билдиргенин баса белгилеп айтабыз. Кыргызстандын жетекчилиги биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн коргоодо жана улуттук кызыкчылыктарды сактоодо бекем аракеттерди жүргүзүп жатат” – деп айтылат маалыматта.

Экс-элчи Раимкул Аттокуровдун билдирүүсү боюнча Россиянын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын кайрылуусуна байланыштуу, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги мындай пикирди билдирүүгө эч кандай олуттуу негиз жок экендигин билдирет.

Элчилик коомчулукту, диаспоралык уюмдардын жетекчилерин мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтириши мүмкүн болгон чагымчыл мүнөздөгү ачык билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды.

Белгилей кетсек, Раимкул Аттокуров өзүнүн билдирүүсү боюнча журналисттерге түшүндүрмө берип жатып, ал өзүнүн эмес, коомчулуктун оюн айткандыгын белгилеген.

Эске салсак, Экс-элчи "Кыргызстан Орусиянын карамагына кирши мүмкүн" деп "Правда.ру" порталына берген маегинде билдирген. Бул билдирүү социалдык тармактарда чоң талкуу болуп, ар кандай пикирлер айтылууда.

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости