www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” саясий партиясынын кезектеги үгүт кербени Ысык-Көлдө уланды. Депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Руслан Акматбек жана Екатерина Филаретова Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Аң-Өстөн айылдарынын жана Каракол шаарынын эли менен жолугушту.



Партия мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Жети-Өгүз районунун эли менен болгон жолугушуусунда Баш мыйзамды реформалоого мезгил келгендигин билдирди. Анын пикиринде, Баш мыйзамды оңдоп, толук кандуу парламентаризмди орнотуу керек.



“Азыркы системанын аты парламентаризм, заты суперпрезиденттик система. Толук кандуу парламентаризм болуш үчүн, бизге бийлиги да, жоопкерчилиги да кенен, жылына беш жолу парламентке келип эл астына отчёт берген күчтүү премьер-министр керек”, - деди А.Шыкмаматов.



“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариевдин пикиринде, өлкөдө ар бир үйдө бирден IT адистигине ээ киши болуш керек. Талапкер бул билдирүүнү Каракол шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда айтты.

“Биздин девиз – үйдө отуруп, бүтүндөй дүйнө менен иштөө. IT программалоонун мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен. Бул адистик багытында билим алуу – замандын талабы. Ошондой эле кирешелүү кесип”, - деди М.Асангариев.



Бүгүнкү күндө бийлик менен элдин ортосундагы ажырым күчөдү. Башкаруу органдарында иштеген кызматкерлер карапайым калкты укпай калды. Мындай оюн “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Акматбек билдирди.



“Эгерде аймактар өнүкпөсө, борбордун күчтүү болгонунун эмне кереги бар? Эл көп нерсе деле сурабай эле. Болгону алардын алдындагы тоскоолдуктарды жоюп, өнүгүүсүнө шарт түзүш керек”, -деди Р.Акматбек.



Кыргыз эли үчүн күйүп бышкан жаш талапкер Екатерина Филаретова пандемия мамлекетке абдан терс таасирин тийгизгендигин элет тургундары менен болгон жолугушуусунда белгиледи.

“Эң эле көйгөйлүү маселе медицина жана билим берүү тармагы болду. Биздин медицинанын алсыздыгынан канчалаган жарандардын көзү өтүп кетти. Канчалаган окуучуларыбыз мектепке барбай, сабактары үзгүлтүккө учурады. Ошондуктан биздин жаңы муунга күчтүү медицина жана күчтүү билим берүү системасы керек”,- деди талапкер.

 

Депутаттыкка талапкерлер элдин суроо-талаптарын угуп, партиянын программасы менен тааныштырышты. Анда туризм, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы реформалар тууралуу талкуу болду.

Последние новости