www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер көчкү Дыйкан – Кара-Кече жолунун 37-чакырымында 15-сентябрда жүрүп, Кара-Кече суусун тосуп калган. 

"Жумгал районунун Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими менен жол убактылуу жабылды. Учурда жер көчкү токтогон жок. 500-600 м3 болгон жер массасы Кара-Кече суусуна жылып жатат", - деп билдирет минристрлик. 

Эске сала кетсек, кечээ, 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүргөн.

Анда, көмүр кени жайгашкан Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун билдиргени боюнча көчкү 14-сентябрь күнү, саат 12 чамасында түшкөн. Тоо кулап, Жумгал – Кара-Кече автожолунун бир чакырымдан ашуун жери бөгөлүп калганы айтылган.

«Көчкөн тоонун көлөмү болжол менен миллион куб метрден ашуун. Учурда көчкү дагы эле түшүп жатат»,- деди аким.

Баштапкы маалыматтар боюнча көчкүдөн жапа чеккендер жок. Ушул тапта Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын техника каражаттары жана адистери кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатканын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости