www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ак шумкар” партиясын чычкандай жөргөлөткөн Сариев Темир таң заарында эле “Ата-Мекен” партиясы менен ымалалашып, коронавируска чалдыгып турган кыргыз элине карашпай  шайлоону баштап жиберишкен. Бул бирикмеге Адахам Мадумаров да башын созуп кошулгусу келип,бирок шайлоочуларынын “Ата-Мекен” менен бирикпейбиз деген дамамат пикирлерин эске алып жаа боюу качкан. Жанар Акаевке ык берген Текебаев “эски досу” Сариевди алдыга сүрөбөй үлдүрөткөн бойдон таштап салган. “Ата-Мекенден” безеленип качкан Сариев Темир Мадумаровко баш калкалады эле, ал дагы көп өтпөй көчүккө тепти, тепкенде да абдан катуу тээп, өзү-да Сариев Темирдин тилеги менен аз жерден оюндан оңкосунан сайылып, чыгып кала жаздады. Учурда Сариев Темир өкүл баласына баш калкалап, өкүл баласынын өсүп бара жаткан “Кыргызстан” партиясына дем кошуп жаткан учуру экен. Деги ал партия аксабаса экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости