www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн бардык аймактарында жашаган журналисттер жана блогерлер мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын чагылдырууну окушат. Иш-чара онлайн форматта, 19-21-сентябрь күндөрү өтөт.

Иш-чарада журналисттер менен блогерлер шайлоо участокторунда майыптыгы бар адамдар үчүн түзүлгөн шарттарды чагылдырууну, шайлоого келген майыптыгы бар адам менен маек куруунун өзгөчөлүгүн, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар тууралуу маалыматтарды даярдоону жана алардын укуктары жөнүндөгү БУУнун Конвенциясынын негизги нормаларын үйрөнүшөт.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо майыптардын укугу эске алынарын кабарлаган. Ага ылайык, саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзү начар көргөн кишилер үчүн чоңураак ариптерде жана Брайль арибинде жазууга милдеттендирилген.

Ага жараша, Шайлоо тилкелеринде пандус, лупа болууга тийиш

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости