www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын элчиси АКШга кайтып барды

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Москвадагы үч айлык тыныгуудан кийин Нью-Йоркко кайтып барды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Ал АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын Орусияга каршы жаңы санкциялар топтому даярдалганы тууралуу айтканын «бул бардыгы күтүп жаткан сигнал эмес» деп сыпаттады.

«Санкциялар аркылуу мамилелерди турукташтарып, өлкөлөр ортосундагы бузулган ыркты оңдоого мүмкүн эмес», - деди элчи.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды ууландырууга байланыштуу жаңы санкциялар топтомун даярдап жатканы маалымдалган.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын сөзүнө караганда, химиялык куралга байланыштуу Орусияга каршы дагы бир санкция даярдалууда.

16-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байден Женевада жолукканда элчилерди кайтарууну макулдашкан.

Март айында Москва АКШдагы элчисин чакыртып алган. Анын артынан бир айдан соң АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан Вашингтонго кеңешүүгө келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости