www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар келбей коюп, парламенттин жыйыны өтпөй калды

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өтмөк. Бирок кворум жок болуп, жыйын кийинкиге жылдырылды.

Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова: “Депутаттардын көбү жыйынга келбегенине байланыштуу кворум жок. Бүгүн 15:00дө Жогорку Кеңештин имаратында дезинфекциялоо иштери дагы жүрөт экен. Жыйынды кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алалы”, – деди ал.

Комитет жыйынына келгендер бул сунушту колдоп, натыйжада жыйын кийинкиге жылдырылды.

Комитет жыйынында буга чейин президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралмак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости