www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Кувейттин башкы дипломаттары жолукту

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Кувейттин тышкы иштер министри Шейх Ахмад Насир Аль-Мухаммад Аль-Сабах менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эки мамлекеттин тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу, тактап айтканда, Кувейттин каржылык колдоосу менен Кыргызстанда медицинаны, инфраструктураны, энергетиканы жана туризмди өнүктүрүүдө долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий өзгөрүүлөр жана мамлекет жетекчилигинин тез арада экономикалык кризистен чыгууга болгон умтулуулары, ошондой эле аймакта коңшулук жана тарыхый достук байланыштарга негизделген тынчтык тышкы саясатын жүргүзүүсү жөнүндө кыскача айтып берди.

Бул контекстте ал кувейттик ишкерлерди Кыргызстандын улуттук экономикасынын келечектүү багыттарын инвестициялоого чакырды. Тактап айтканда, жүрүп жаткан пандемияны эске алуу менен, министр Р.Казакбаев медицина тармагын өнүктүрүүгө кувейттик инвестицияларды тартууга кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле, ал санариптештирүү, улуттук IT технологияларды өнүктүрүү, киберкоопсуздукту камсыз кылуу, жашыл экономиканы киргизүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында КР өкмөтү тарабынан илгерилетилген долбоорлорду ишке ашырууда интеллектуалдык жана каржылык колдоо көрсөтүүнү сунуш кылды.

Өз кезегинде Кувейттин ТИМ башчысы Ас-Сабах Кыргызстан менен эки тарапты тең кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады. Ал кувейттик инвесторлордун Борбордук Азия, айрыкча Кыргызстанды келечектүү аймак деп эсептерине ишендирди. Ушундан улам, министр Ал-Сабах тиешелүү макулдашууларга жана келишимдерге кол коюу аркылуу, кыргыз-кувейт мыйзам базасын кеңейтүүнү, ошондой эле инвестиция жана кош салыктан алыс болуу жаатында буга чейинки кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдердин ишке ашырылышына көмөктөшүүнү сунуш кылды.

Министр Р.Казакбаев Кувейт тарабына Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине 2023-2025-жылдар аралыгында талапкерлигин, ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешине 2027- 2028-жылдар аралыгында туруктуу эмес мүчөлүгүн колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар Бишкекке жана Эль-Кувейтке расмий иш сапары менен келип кетүү үчүн өз ара чакыруулар менен алмашты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости