www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы бийликтердин учурунда Төрөбай Зулпукаровдун кареги менен тең айланган кадрлар арбын эле. Бул саам милициядагы окшошкон эки “итибайды” сөз кылгыбыз келет. Биринчиси, Кылыч Жолдошов УВДТ начальниги болуп отурат. Буга чейин Ош, Жалал-Абад ОИИБлерин жетектеген.

Деңгээли пас, айдатма, өз алдынча демилге көтөрө албаган, эптеп эле илең-салаң менен жүргөн неме. Түштүк аймагынан которулуп келгенден бери азыркы кызматында иштей албай, чайналып атканы каңкууланды. “Крышасы” Төрөбай Зулпукаров камалгандан бери алдастап, өзүн өгөй баладай сезип жүргөнү жалганбы? ИИМдин чоңдоруна тар чөйрөдө тескери сүйлөп коймоюн кантесиңер? Айтор, көп нерсени билмексенге салып отурат...

Экинчиси, Баткен ОИИБ начальниги Мурат Боронов буга чейин Оштун башкы милициясы эле. Бул да бир сабатсыз, кулагынан сүйрөлүп жүрүп чоңойгону жашыруун эмес. Ар бир тепкичке Төрөбайдын көтөрмөлөгөнү менен чоңойгон. Баткенде эптеп-септеп иштеп жүрөт.

Биз эмнени айткыбыз келет? Зулпукаров кылмышка шектүү катары камалса, анын жакын кадрлары Жолдошов менен Боронов сүттөн акпы? Булардын алыш-бериштери, тымызын бүтүргөн иштери, түштүк аймагындагы жасаган былыктары арбын экени жалганбы? Бир командада жүрүшүп, жең ичинен кылгылык салышканы, учурда билгизбей басып жатышканы кандай?

ИИМ акыры Кылыч Жолдошов менен Мурат Бороновдун үстүнөн кызматтык териштирүүгө алышы керек. Натыйжада, бул экөөнүн системада иштегенге моралдык укугу калбай калышы мүмкүн. Же биз чекесинен чыгара берелиби?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости