www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарындагы Эски аянтта аскер ардагерлеринин тынчтык митинги өтүүдө. Алар 1992-1999-жылдары тажик-афган чек арасында тынчтык орнотуучулар катары кызмат өтөшкөн.
Митингге 30дай адам чогулду. Алар аскер кызматкерлеринен алынган жеңилдиктерди кайтарып берүүнү талап кылып жатышат.
Чогулгандардын айтымында, 1992-жылы аларга афганчылардыкындай жеңилдиктер берилген. Бирок 2006-жылы ал жеңилдиктерди кайра алып коюшкан.
«2006-жылы 16-майда Феликс Куловдун өкмөтү ардагерлерге берилген жеңилдиктерди алып салган. Ага чейин 2006-жылы 20-февралда премьер-министр Мадумаров юстиция министри Каиповго жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө токтом долбоорун даярдоону тапшырган. Ошол жылы 21-мартта коргоо министри Исаков өзүнүн аскерлеринен жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө макулдашууга кол койгон», - деди митингдин уюштуруучусу, аскердик укук коргоочу Анвар Сартаев.
Булак: NazarNews.kg