www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында жайгашкан Орусиянын башкы консулдугу ишин токтотту. Бул тууралуу Орусиянын Ооганстандагы элчилиги билдиргенин «РИА Новости» маалымат булагы жазды.

Маалым болгондой, башкы консулдук кырдаал турукташканча жабылууга аргасыз болушкан. Ишин качан улантары азырынча айтыла элек.

Анткен менен Ооганстандын борбору Кабулдагы элчиликте эч кандай коркунуч жок, кызматкерлерди коопсуз жайга чыгарып кетүү пландалган эмес.

Эскерте кетсек, АКШ аскерлерин чыгарып кетерин билдиргенден кийин Ооганстанда өкмөт аскерлери менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган. «Талибан» кыймылы улам бир районду басып алууда. Террордук топ менен болгон куралдуу кагылыштан улам өкмөттүк аскерлер Тажикстанга качып өткөн учурлар көбөйдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости