www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия 25 америкалыкты кара тизмеге киргизди

Орусия Вашингтондун санкцияларына жооп катары АКШнын 25 жаранына жеке санкция киргизди. Бул тизмеде америкалык актёрлор Шон Пенн жана Бен Стиллер бар. Бул тууралуу кечээ, 5-сентябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

«Джо Байдендин администрациясы тарабынан орусиялык жарандарга, АКШ Конгрессинин дагы бир тобуна, жогорку даражалуу аткаминерлерге, бизнес жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнө карата киргизилген жеке санкцияларга жооп катары, ошондой эле маданият ишмерлери (25 адам) Орусия Федерациясына туруктуу негизде жөнөтүлөт, кирүүсүнө тыюу салуу киргизилди», - деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Орусиянын «кара тизмесине» кирген америкалык жарандардын аты-жөнү Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды. Тизмеге Шон Пенн жана Бен Стиллер дагы кирет.

Ошол эле учурда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын душмандык аракеттерине каршылык көрсөтүүнү уланта турганы белгиленди.

«Америка бийлигинин орусфобиялык тенденцияны улантып, эки тараптуу мамилелерге доо кетирип, Орусия менен АКШнын тирешүүсүн күчөткөн кастык аракеттерине мындан ары да катуу жооп кайтарылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости