www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия келерки аптада бензин менен дизель майын экспорттоого тыюу салышы мүмкүн. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттиги билдирди.

Анын айтымында, өкмөт күйүүчү май өндүрүүчүлөргө бензин жана дизель майын экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салууга даярдык көрүүнү тапшырды.

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Орусия айрым жетишсиздиктерди жоюу максатында күйүүчү майды экспорттоого тыюу салган. 6-октябрда чектөөлөрдү бир аз жеңилдетип, дизель майын экспорттоого уруксат берген, бирок бензинге тыюу салуу күчүндө калган.

Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейин Өзбекстандын энергетика министри Жорабек Мирзамахмудов Орусия тарабынан бензин жана дизель майын экспорттоого киргизилген чектөөлөр Өзбекстанга ташып келүүгө таасир этпегендигин жана өлкөлөр ортосунда өкмөттөр аралык келишим түзүлгөнүн билдирген. Жыл башында Өзбекстанга импорттолгон бензиндин басымдуу бөлүгү Орусияга туура келген.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда бензиндин жаңы рекорддук баасы тууралуу маалымат тараган. Анда Ташкенттеги «Лукойл» май куюучу жайына алынып келинген орусиялык АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин литри 18 миң 500 сумдан сатылып жатканы айтылган.

Акобир Саидов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости