www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттеги саммитте Эрдоган Израилди сынга алды

Ташкентте өткөн Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуш көңүл чордонунда болду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тараптарды ок атышууну токтотууга чакырса, түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Батышты "Израилдин согуштук кылмыштарын колдоп жатат" деп айыптады.

"Батыш өлкөлөрүнүн толук колдоосуна ээ болгон Израил адамга тиешелүү бардык баалуулуктарды тебелеп, мектептерди, мечиттерди, чиркөөлөрдү, ооруканаларды, университеттерди жана турак жайларды бомбалоону улантууда", - деди Эрдоган.

Түрк лидери Израил Газа тилкесининде 11 миңге жакын тургунду өлтүргөнүн, алардын 73 пайызы аялдар менен балдар экенин белгилеген.

"Эгер биз бүгүн экономикалык кызматташтык уюму катары, ошондой эле мусулман катары үнүбүздү чыгарбасак, анда дагы качан чыгарабыз?" - деди Эрдоган.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 400дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакынын барымтага алган. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 10 миңден ашык палестиналык каза тапканын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости