www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-9-10-11-октябрь күндөрү Бишкектеги Асаналиев көчөсүндөгү (мурдагы Некрасов) темир жол өтмөгү аркылуу кыймыл жарым-жартылай чектелет. Бул тууралуу «Кыргызтемиржолу» ишканасы маалымдайт.
Чектөөлөр кечки саат 21:00дөн таңкы 06:00гө чейин иштейт.
Иштер этап менен жүргүзүлөт. Алгач жолдун бир тарабы кыймыл үчүн жабылып, андагы иштер аяктагандан кийин кыймыл жолдун экинчи тарабында чектелет.
Бул Бишкек-1 – Бишкек-2 өткөөлүндөгү темир жол өтмөгүнүн тосмосун алмаштыруу иштерине байланыштуу экени жана иштерди жүргүзүү Кайгуул кызматынын башкармалыгы менен макулдашылганы ишкананын билдирүүсүндө кошумчаланат.