www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктап, жол унаа кыймылы үчүн толук ачылды.

Жолду жаңылоо иштеринин алкагында ирригациялык тармак калыбына келтирилип, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды. Ошондой эле эки катмар асфальт төшөлүп, жол белгилери чийилип, бордюрлар алмаштырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй проспектисинин 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө «Бишкекжылуулук тармагы» ишканасынын жылуулук тармактары реконструкцияланган.

Жаңылоо иштери диаметри 1000 мм, узундугу 1080 метр болгон жылуулук тармагында жүргүзүлгөн. Түтүктүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин кеңейтилген.

Аталган жылуулук тармагы 1989-жылы пайдаланууга берилип, нормативдик кызмат өтөө мөөнөтү 25 жыл болсо да, 37 жыл эксплуатацияланган.

Бишкек мэриясы айдоочуларды жол эрежелерин, жол белгилеринин талаптарын жана белгиленген ылдамдык режимин сактоого чакырды.

Последние новости