www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош аэропортунда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан курамында никотин бар, өлкө аймагына алып кирүүгө тыюу салынган продукциянын партиясы аныкталды.
Жүктөрдү текшерүү учурунда алдын ала баасы 1 млн 200 миң сомдон ашкан 2 миң 497 даана никотин камтыган чайноочу аралашма (снюс) табылып, алынган.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, Кыргызстанда чегилбеген тамеки жана курамында никотин бар чегилбеген продукцияны өндүрүүгө, өлкөгө алып кирүүгө жана жүгүртүүгө, анын ичинде сактоого, сатууга жана өлкөдөн алып чыгууга тыюу салынган.