www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз камакта отурушкан Кемпир-Абадчылардын БИЛДИРҮҮСҮ!

Бийлик жана анын Куклаводдору!

Бийликтин буйругу менен 37 тергөөчү 8 ай мыйзамсыз токуган Кемпир-Абадчылардын кылмыш ишин куклавод судья М.Сыдыков беш айдан бери карай албай, ээси ооп жаткан учур.

Ал кылмышты өз өндүрүшүнө кабыл алгандан (2023-жыл, 15-июнь) бери КР Конституциясынын жана КЖПКнын төмөндөгү беренелерин бузду жана бузуп жатат (бузулган мыйзам, беренелер каша ичинде көрсөтүлөт).

1. 2023-жылдын 15-июнунда, кечинде сотко жеткирилген кылмыш ишти бир саат да окубастан, айыпталуучулар Бекназаров менен Бузурманкуловго айыптоо актысы тапшырылбаганын билип туруп, ага карабай дароо 2023-жылдын 23-июнуна алдын ала угууну дайындаган (КЖПК, 277-278-бб.).

2. Алдын ала угууну 2023-жылдын 23-жана 26-июндарында айыпталуучу М.Абылов жана жабырлануучуларсыз өткөргөн. (КЖПК 284, 296, 297-бб.)

3. Айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрүн кароодо бийликтин көрсөтмөсү менен тандалма, адилетсиз ччечимдерди чыгарган (КР Конституциясы 24-бер., КЖПК 18-бер.).

4. 2023-жылдын 26-июнунда алдын ала угуу аяктады деген токтомунда соттук териштирүүнү 2023-жылдын 7-июлуна дайындап: “Иш жабык сот отурумунда каралсын” – деп, КР Конституциясынын 100-бер. жана КЖПКнын 291-бер. одоно бузган. Т.а. эмне себептен сот отуруму жабык өтөт негиз, себептери көрсөтүлүп, тараптарга түшүндүрүлүп атайын жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарган эмес.

5. 2023-жылдын 7-июлуна дайындалган сот отуруму судья М.Сыдыковдун өзүнүн отпускага кетиши менен 2023-жылдын 15-августуна чейин кыймылсыз жаткан.

6. КЖПКнын 281-бер. талаптарына ылайык, соттук териштирүү дайындалып, ал башталганга чейин тараптарга кылмыш иштин толук материалдары менен таанышуу, андан көчүрмөлөрдү алуу камсыз кылынган эмес.

Айыпталуучулардын иш менен таанышуу өтүнүчтөрү сот отурумунда чечилбей, 2023-жылдын 17-18-августунда гана судья өз кабинетинде оболу үч айыпталуучуга, андан соң 7ден айыпталуучуларга, ал эми үй камагындагы айыпталуучулар судьянын кабинетинде 21-августа киргенде гана иштин материалдары менен таанышууга уруксат берилген.

Айыпталуучулар 63 томдук кылмыш иштин материалдары менен толук таанышып бүтө элегинде, эч кандай протоколдор түзүлбөй токтотулган (КЖПК, 281, 304-бб.).

7. Айрым айыпталуучулардын 2023-жылдын 15-июнунан ушул күнгө чейинки (2023-жылдын 5-ноябры) бөгөт коюу чарасын өзгөртүү, иштин материалдары менен толук таанышуу, айрым документтердин көчүрмөлөрүн алуу, ишке тиркелген 65 ДВД дисктерди угуп көрүү, судьяга четтетүү билдирүү ж.б. ондогон оозеки, жазуу түрүндөгү коллективдүү жана жеке өтүнүчтөрү судья М.Сыдыков тарабынан бир дагы жолу каралган жок (КЖПК 124, 303-бб.)

8. 2023-жылдын 20-сентябрындагы соттук отурумда айыпталуучу Бузурманкуловдун: “.... Соттук отурум эмне үчүн жабык каралып жатат, себебин түшүндүрүп койбойсузбу?”, айыпталуучу Р.Жээнбековдун “... бизге жок дегенде аудио дисктерди угуу үчүн бир жума убакыт бериңиз ..?” – деген суроо-өтүнүчтөрүнө судья М.Сыдыков түшүндүрүп жооп бергендин ордуна “аны өзүм билем” - деп Бузурманкулов менен Жээнбеков эч кандай тартип бузбаса да, аларга эч кандай эскертүү же түшүндүрүү бербей туруп, түз эле “сот залынан “удалить” – деп, мыйзамсыз буйрук берген.

Калган айыпталуучулар судья тарабынан удаление болбосо да, КЖПКнын 46-бер. 2-бөл. 7-п.п. талаптарына ылайык, сот залынан чыгууга аргасыз болушкан.

Сот отуруму судья тарабынан 4-октябрга калтырылган (КЖПК, 292, 293, 307-бб.).

9. 2023-жылдын 4-октябрындагы сот отурумуна камакта кармалган 12 (он эки) айыпталуучу СИЗОдон алдырылган эмес. Анын себебин судья М.Сыдыков: “... аларды мен сот процессинин аягына чейин “удаление кылгам ...” – деп, калп айткан. Анын мындай калп айтканына чыдабаган адвокат Э.Булекбаев ага четтетүү (отвод) жарыялаган. Ага карабастан судья М.Сыдыков 12 (он эки) айыпталуучу, жабырлануучулар, ондогон адвокаттар катышпаган (болгону 6 адвокат катышкан) мыйзамсыз сот отурумун өткөрүп, соттук отурумдун жана айыпталуучулардын бөгөт коюу чараларын 2023-жылдын 4 декабрына чейин узарткан мыйзамсыз токтом кабыл алган (КЖПК, 292, 296-298, 301-б.б.).

10. 2023-жылдын 18-октябрында жана 1-ноярында соттук отурумду СИЗОдо камакта кармалган 12 (он эки) айыпталуучуларсыз, жабырлануучуларсыз өткөрүүгө аракет кылган. Бирок айрым адвокаттардын жоктугуна жана айыптоочу тараптын (прокурордун): “... СИЗОдогу айыпталуучуларды алдыртыңыз, аларсыз өткөрүлгөн сот отурумдар мыйзамсыз болот. Удаление бир жолку процесске колдонулат ..” – деген мыйзамдуу өтүнүч-билдирүүлөрүнөн кийин сот отуруму 15-ноябрга жылдырылган

Бирок судья М.Сыдыков айыптоочу тараптын (прокурордун) эки жолку соттук отурумда “СИЗОдон айыпталуучуларды алдыртыңыз” – деген өтүнүчүн чечпей ачык калтырган.

Анын ордуна КР Конституциясында, мыйзамдарда бекитилген судьялардын калыс, адилеттүү болушу, кынтыксыз жүрүм-туруму, бийик статусуна судьянын ыйык этикасына туура келбеген: “... Бекназаров бузукулук кылып жатат... силер аны угуп жатасыңар, ишти мен чечем, мени уксаңар ишти декабрь айында бүтүрүп салам ..., адвокат Э.Булекбаевдин адвокаттык лицензиясын алдыртам... Мен Минюста тартип космиссиясынын мүчөсүмүн ..” ж.б.у.с. сөздөрдү ачык айтып, айыпталуучуларды, адвокаттарды коркуткандай “мен айткандай болосуңар” деп, мажбурлагандай пикир айткан. Айрым айыпталуучуларды кабинетинде кабыл алып, Кемпир-Абадчылардын ортосунда чагымчылдык-бузукулук иштерди жүргүзгөн.

М.Сыдыковдун мындай өзгөчө нахалдык, уятсыздык менен жасаган аракеттери 12 айыпталуучуну “өзүм билемдик” менен сот отурумуна катыштырбай жатканы, Бекназаровду жамандап айыпталуучулардын ортосунда чагымчылдык жасаганы, адвокат Э.Булекбаевдин адвокаттык лицензиясын алдыртам – деп коркутканы КР КЖПКнын 337-бер. (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 338-бер. (Бийликтен аша чабуу) көрсөтүлгөн өзгөчө оор кылмыш менен квалификацияланат.

Ошондой эле мындан ары Кемпир-Абадчылардын кылмыш ишин кароого эч кандай моралдык укугу жок.

Анткени ал кылмыш иштин натыйжасына, айрыкча Бекназаровго жана аны “уккандарга” бир башка, өзун угуп койдой болуп үн чыгарбай жүргөндөргө башка чечим болоруна кызыкдаар экенин ачык жарыялап салды. Ушундан кийин эгерде М.Сыдыковдо кичине намыс, уят болсо, өзүн-өзү кылмыш ишти кароодон четтетүү керек (КЖПК 62-бер. 2-бөл., 65-бер.)! Бирок судья М.Сыдыков андай эрктүү чечимге баралбайт. Себеби ал бийликке көз каранды кукловод судья.

Урматтуу мекендештер!

Биз бир жылдан бери мыйзамсыз камакта олтурушкан Кемпир –Абадчылар, бийликтин анын Жапеков, Сыдыков сыяктуу кукловод тергөөчү, судьяларынын мыйзамсыз чыгарган чечимдеринен, коркутууларынан коркпойбуз. Алардын айткандарына моюн сунуп, үн чыгарбай жүргөндөй же “бер” деген акчасын кусуп бергидей коррупционер, оома, позициясы жок макулук адамдардан эмеспиз.

Биз соттон качкан жокбуз. Тескерисинче бийликтен, судьядан мыйзамдуу ачык сотту талап кылып жүрөбүз! Өзүбүздүн күнөөсүз экенибизди мыйзамдуу ачык сотто, эл алдында далилдеп берүүгө билимибиз да духубуз да жетет.

Биз билебиз, бийлик биздин күнөөбүз жоктугун эл билип калышынан коркуп, жабык тергөө, жабык сот, эми болсо бизди күч менен сотко катыштырбастан сот отурумун өткөрүп, эптеп соттоп жиберүүгө Сыдыковго окшогон кукловод судьяларды мажбурлап жатканын.

Болбосо КР Конституциясына, мыйзамдарына ылайык Кыргызстанда сот отуруму айыпталуучусуз өткөрүлбөшүн, айыпталуучуларды сотко алып келбей сырттан соттоого жол берилбестигин судья М.Сыдыков билбейби? Билет!

Сырттан соттоо эки учурда:

- Эгерде айыпталуучу КРдин четинен тышкары болсо жана сотко келүүдөн качса. Биз Кыргызстанда, СИЗО до эле отурабыз, соттон качкан жокпуз, тескерисинче ачык сот талап кылып жатабыз.

- Экинчи учур, айыпталуучу далилдерди соттук иликтөөлөр аяктагандан кийин, соттук отурумга келбесе. Бизде соттук териштирүү баштала элек, соттук отурумга бизди сот алып келбей жатат (КЖПК, 296-бер.).

Ушул эки учурда гана өткөрүлгөн соттук териштирүүгө адвокаттын катышуусу милдеттүү (КЖПК 296-бер. 4-бөл.)

Судья М. Сыдыковдун бизди сотко СИЗОдон өзү мыйзамсыз алдыртпай , сотко катыштырбай туруп, анан биздин адвокаттарды “милдетүү сот отурумуна катышасыңар” - деп коркутканы кыргызча айтканда “көтөн зордуктун - көтөн зордугу”.

Убакыт келет М.Сыдыковко, У. Жапековко окшогон бийликтин куловод - көтөн зордукчулары, кукловоддук аракеттери үчүн, анын ичинде С.Исаковдун иштери, Ж.Казакбаевге окшогондордун кунун он эселеп төлөп, жооп беришет!

Урматтуу мекендештер!

Туптуура бир жыл мурда, ушул күндөрү бизди, Кемпир-Абадчыларды “оптом” мыйзамсыз камап, анан КТР, башка каналдар аркылуу “булар бийликти күч менен басып алуу үчүн акча, мылтык, ок-дары ж.б. даярдашкан, өлкөдө баш аламандыкты уюштуруу үчүн 10 миңдеген адамдарды даярдаган ж.б.у.с. пропаганданы жүргүзгөнү эсиңиздедир. Андан бери бир жыл өтсө да, “оптом хор менен” бизди жамандаган бийликтин сөздөрү, бир дагы далил менен далилденбей, аргасы кетип, жабык сот менен айыпталуучуларды сотко алып келбей сырттан соттоп, Ак-үй даярдаган өкүмдү судья М.Сыдыковго жол жоболотуп, анан бизге СИЗОго алып келип берүүгө аргасыз болууда!

Азыр болсо өздөрү мыйзамсыз атып өлтурушкөн кримтөбөл К.Көлбаев менен байланыштырып 200 бейкүнөө адамдарды КТР, ж.б. медиялар аркылуу бизге окшотуп эле жамандап, куугунтуктап жатат. Арасында белгилүү инсандар, депутаттар, ишкерлер бар экен.

Сиздер бийликтин мындай бийлигин, байлыгын кармап калуу үчун эле, корконго кош көрүнөт болуп жүргүзүп жаткан, кылмыштуулук менен күрөшүп жаткандай шоу-пропагандасына ишенбегиле!

Чыныгы кылмышкерлер бийликте жана бийликтегилер менен жүрүшөт !

Алардын кимдер экени белгилүү, аттарын айтпай эле коелу! Ал эми жыл сайын сериалдуу кылмышкер катары куугунтукталып жаткандар элим, жерим - деген мекенчилдер.

Мисалы биринчи толкунда бийликти ачык, кескин сындашкан жаш активисттер, блогерлер, журналисттер, акындар ж.б. куугунтукталса, экинчи толкун менен Кемпир-Абадчылар, эркин медиалар куугунтукталды!

Эми үчүнчү толкун менен маркум кримтөбөл К.Көлбаев жана аны менен байланышы бар делинген адамдар куугунтукталууда .

Ушул үч толкун жана бир мезгилде кримтөбөл К.Колбаевдин мыйзамсыз атылышы, аны менен байланыштырып 200 дөй адамдын куугунтукталышы, СИЗОдо отурушкан 4 (төрт) Кемпир-Абадчылардын подвалга которулуп, өзгөчө кайтарууга алынганы, СИЗО догу 12 (он эки) Кемпир-Абадчыны сотко катыштырбай жатканы, баары бийлик тарабынан бир жипке тизилгендей карасанатайлык айла амалдары эмеспи? Ойлонолу!

Бийликтегилердин бийлик, байлык кумары менен эле күнөөсүз адамдарды куугунтуктаган кылмыштуу иш компанияларына, биз эл журт катары баарыбыз биригип каршы турушубуз керек!

Мыйзамсыз камакта олтурушкан Кемпир-Абадчылар.

СИЗО-21, 2023-ж., 5 –ноябрь.

Последние новости