www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Forbes маалыматына караганда, Орусиянын соккуларынан кийин Украинада болот өндүрүшүнүн болжол менен 90%ы токтогон.
Эң начар сценарийде бул экономиканын 6,5–7%га чейин кыскарышына алып келет. Натыйжада өлкө 5-7 млрд доллар кирешеден жана кеминде 30-40 млрд гривна бюджеттик кирешеден ажырашы ыктымал.
Мындан тышкары, темир рудасынын экспорту токтосо, жылына дагы болжол менен 1 млрд доллар кирешеден жоготот.
Металлургиядагы көйгөйлөр транспорт, энергетика жана машина куруу сыяктуу тармактарга да таасирин тийгизип, өнөр жай шаарларында жумуш орундарынын жана салыктык кирешелердин азайышына алып келет.