www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, өлкөдөгү 14 болгар дипломатын "персона нон грата" деп жарыялады. Бул тууралуу trt.net.tr жазды.

Министрликтин билдирүүсүндө Болгариянын Москвадагы элчиси Атанас Кристиндин министрликке чакыртылып, Болгар бийлигинин 70 орус дипломатын персона нон грата деп жарыялоосуна каршылык көрсөтүлгөнү белгиленди.

«Болгар өкмөтүнүн орус дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрүнүн санын кыскартуу боюнча кадамдарына жооп иретинде элчи Кристинге Болгариянын Орусиядагы 14 кызматкеринин персона нон грата деп жарыяланганына байланыштуу нота берилди. Орусияга карата дос эмес кадамдардын Болгариянын жана элинин улуттук кызыкчылыктары менен эч кандай тиешеси жок экенине ишенебиз», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости