www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз кандайдыр бир көйгөйгө туш болгондо же чыр-чатакка кабылганда, ошол кырдаал жөнүндө көбүрөөк ойлоно баштайбыз. Көйгөйлөр тез-тез болуп же кайталана берсе, биз аны чечиш үчүн жол издеп баштайбыз. Эгерде маселе кыйла татаал жана узакка созула турган болсо – биз коңгуроо кагып, ар тарапка үнүбүздү жеткизип, бул түймөктү чече баштайбыз.

Мен да бир убакта ушундай болчумун. 28-30 жашымда мага ар кандай турмуштун көйгөйлөрү жаай баштады. Мен бир учурда бакыт абалынан ажырап, мени белгисиз жакка алып бараткан жолдо болуп калдым. Баардыгы жер титирөө же цунами учурундагыдай кыйрады: үй-бүлө, жумуш, ден соолук... андан кийин кандай сокку, качан жана кимден болоорун алдын ала билүү мүмкүн эмес эле. Албетте, сокку, физикалык эмес, бирок көңүл калуу, же жоготуу, же жаман жакка өзгөрүүлөр түрүндө.

Бара-бара эч нерсе түбөлүктүү эмес экенин, бакыт да кайгы менен алмашаарын түшүндүм. Узак мөөнөттүү ийгиликке жана кубанычка кепилдик жок. Мен психология боюнча китептерди окуй баштадым, бирок алардан жарым-жартылай гана жооп алдым. Мен эзотерика менен олуттуу алектендим, бирок көптөгөн суроолор пайда болду. Баарыбыз  ички дүйнөбүз менен сезебиз, эгер биз эң жакшыга ишенсек жана суроолорго жоопторду талыкпай издесек, анда аларды сөзсүз табарыбызды.

Менде да ушундай болгон. Мен медитация жана руханий жолду камтыган рухий практикага туш болдум. Мен көп нерсени түшүнө алдым, ошондуктан жашоом  жакшы жакка өзгөрө баштады. Бирок мен үчүн эң негизгиси — сырткы факторлор мага таасир бере албай, ички сезимим тынч болуп калганы.

Мен түшүндүм, көптөгөн көйгөйлөрдү, балээлерди алдын алып, токтото алаарыбызды, эгерде тынч абалда калып башкаларга нур чачып турсак . Ичибиз бейпил, ынтымактуу болсок – көйгөйлөр жаралбайт, алар бизге зыян тийгизбейт. Эгер көйгөй болуп калса, аларды чечүү бизге жеңил болот.

Мен түшүндүм, конфликттерди өзүбүз жаратаарыбызды, анткени биз бири-бирибизге багынууга даяр эмеспиз, анткени бизде өзүмчүлдүк жашайт жана ар дайым туура, биринчи болууну каалайбыз.

Азыр дүйнөдө согуштар көп, алар дайыма болуп келген. Ал эми өлкөнү бүтүн эл катары, чоң  инсан катары карай турган болсок, анда тигил же бул жердин саясаты ошол жерде жашаган элдин табияты менен аныкталаарын байкайбыз. Ал эми система эскирип калганда, эл өзгөрүүнү каалайт. Ошон үчүн көтөрүлүштөр, революциялар болот, бийлик алмашат... Демократиясы бар өлкөлөр, диктатурасы бар өлкөлөр болот. Эли жашап, өнүгүп жаткан өлкөлөр бар, ачарчылыктан жапа чеккен өлкөлөр бар. Ал эми мындай карама-каршылыктар кагылышканда  – чыр-чатак чыгат, согуштар башталат.

Эгерде ар бир адам башкаларды басып алууга эмес, өзүн өнүктүрүүгө умтулса, анда дүйнө тынч болмок.  Баардык зор нерсе кичинеден башталат.  Жеке адамдардан башталат. Ар ким өзүн өркүндөтсө, анда баардык жерде жашоо акырындап оңолот. Адамдар өз кемчиликтери жөнүндө ойлонуп аны кетиришет, бооркер болушат жана кам көрүшөт. Анда оңолууга ылайык  — коом соо, ырайымдуу, гүлдөп өнүгөт.

Бүткүл дүйнөдө Тынчтык болсун!

Баардык жерде Чындык, Боорукердик, Сабырдуулук болсун!

Оля Лан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости