www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-августта Украинадан эгин жеткирген биринчи кеме Түркиядан Одесса багытында жөнөп кетти, деп билдирет Anadolu.

Биргелешкен координациялык борбордун өкүлдөрүнүн текшерүүсүнөн кийин Барбадостун желеги астында «Фулмар С» кургак жүк ташуучу кеме Украинанын Чорноморск портуна багыт алды.

Түркия, Орусия Федерациясы, Украина жана БУУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда Килиос аймагынын жээктеринде текшерүү 1,5 саатка жакын созулду.

Эске салсак, 22-июлда Стамбулда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда Украинанын портторунан эгинди коопсуз ташуу боюнча келишимге кол коюлду. Документке Украина, Орусия, БУУнун жана Түркиянын өкүлдөрү кол коюшту.

Акыркы бир нече кундун ичинде Одесса портторунан «дан коридору» боюнча жугеру жуктелген терт корабл журду.

Ошол эле учурда Стамбулда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу дүйнөлүк рынокко азык-түлүк жана жер семирткичтерди жеткирүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн өз ара байланышкан эки документке кол койгон. Биринчи меморандум БУУнун россиялык айыл чарба продукциясын жана жер семирткичтерин дүйнөлүк рынокко экспорттоодогу ар кандай чектөөлөрдү алып салуу милдетин өзүнө алат. Экинчиси Украина көзөмөлдөгөн Кара деңиз портторунан Украинанын айыл чарба продукциясын экспорттоо алгоритмин аныктайт.

Экинчи документ Орусия тарабынан сунушталган алгоритмге негизделген. Ага ылайык, Украина көзөмөлдөгөн Кара деңиз портторунан коммерциялык кемелердин коопсуз чыгышы үчүн деңиздеги гуманитардык коридор түзүлмөкчү.

БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси келе жатканын бир нече ирет айткан. Батыш Орусияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет катары сыпаттап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости