www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы Гаухар изделүүдө

Ош шаарында дайынсыз болуп аткан 24 жаштагы Жолболдуева Гаухар Толкуновна изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 26-майда Ош шаарынын тургуну 55 жаштагы М. А. арыз менен кайрылып, ошол эле күнү 10:00 чамасында 24 жаштагы кызы Жолболдуева Гаухар Толкуновна Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы үйүнөн 150 миң сом акча жана алтын буюмдарын алып, белгисиз тарапка чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын жана Бишкек шаарына барышы мумкун экениндигин билдирген.

Бул окуя боюнча материалдар Ош ОИИБге каттоого алынып, ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бирок, натыйжа болбогондуктан милиция коомчулуктун жардам сурайт.

"Дайынсыз жоголгон Ош шаарынын тургуну 1998-жылы төрөлгөн Жолболдуева Гаухар Толкуновна жөнүндө маалыматы бар жана жүргөн жерин билген жарандардан жакынкы ички иштер бөлүмүнө же төмөндөгү телефондорго билдирип коюңуздарды суранабыз. Тел: 03232 5-31-82, 0553541010,077818-19-20, 075516-04-92", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости