www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай армиясы Тайванды бөлүп кетүү аракеттерине каршы бардык ыкмаларды колдонот. Мындай билдирүүнү Кытайдын Коргоо министрлигинин өкүлү У Цянь жасады. У Цянь бул тууралуу коргоо министри Вэй Фэнхэнин америкалык кесиптеши Остин Ллойд менен Сингапурда өткөн коопсуздук конференциясындагы жолугушуусунан кийин айткан: "Эгер кимдир бирөө Тайванды Кытайдан бөлүүгө аракет кыла турган болсо, кытай армиясынын болгон ыкмалар менен согушуп, керектүү чаралардын баарын колдонуудан башка аргасы калбайт", — деген Цянь. Фэнхе менен Остин алгачкы жолугушуусунда эки өлкөнүн аскерлери стратегиялык маселелер боюнча эпке келип, байланышта болуп, тобокелчиликтер менен күтүүсүз жагдайларды көзөмөлдөө боюнча макулдашканын The Global Times жазды.

Кытай министри америкалык кесиптешине бирдиктүү Кытай принциби эки тараптуу мамиленин негизи экенин эске салган. Фенхенин айтымында, АКШ администрациясынын Тайванга курал-жарак сатуу тууралуу билдирүүсү алакага доо кетирип, Кытайдын суверенитети менен коопсуздугуна зыян келтирген. Министр "тайвань маселесин" пайдаланып Кытайга таасир этүү аракетинин аягы жакшы бүтпөй турганын эскертти. АКШ менен Тайвандын ортосунда дипломатиялык байланыш жок. Бирок Американын аталган аймактагы саясаты аралга коргонуу жаатында жардам көрсөтүүнү көздөйт. АКШ Тайванга курал-жарак сатуусун улантып келет. АКШ президенти Джо Байден эгер Кытай Тайванга күч колдоно турган болсо Вашингтон аскерий жооп кайтарууга даяр экенин билдирген. Ал Америка бирдиктүү Кытай саясатын колдоорун, бирок бул нерсе Бээжинге Тайванды басып алууга жол бербей турганын белгилеген.

Ошол эле күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Байдендин сөзүнө байланыштуу каршылык билдирген. Мындан тышкары, Бээжин Вашингтонго Тайвандагы сепаратисттерди колдоонун кооптуулугун эскерткени белгилүү болгон. Кытай бийлиги Вашингтонго бир нече жолу билдирүү жасап, өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө эч бир мамлекеттин укугу жок экенин эскерткен. 

 Байден менен Си акебиздин сүйлөшүүлөрү да оң натыйжа берген деле жок. Кытай Орусияга каршы болбосун билдирген. Орусияга Кытай каршы чыкса, бүгүн Орусияны алсыздандырып, эртең Кытайды соккону турат. Ал эми орус саясатчылары жакында Тайванда экинчи фронт ачылып кетиши мүмкүн деп ачык эле айта баштады. Кытай менен АКШнын тиш оорусуна айланган Тайвань тайталаңдай баштады. АКШ президенти Жо Байден "кытайлыктар кирип барышса" Тайванды коргоого АКШ аскерлери даяр экендигин айткан. АКШ лидери Япония премьери Фумио Кисида менен бирге маалымат жыйын өткөргөн. Журналисттин суроосуна тастыктаган жообун берип, Америка буларды өзүнө алган "милдеттенмелер" экенин түшүндүргөн.

"Биз Тайвань кысыгындагы коопсуздук менен тынчтыктын жактоочусу боло берүүбүздү улантабыз. Андан сырткары, бир тараптуу кылып "кво-макамын өзгөртүүгө" жол бербейбиз деген ниеттебиз", — деп кошумчалаган Байден.

Кытайдын БК комиссиясынын чет элдик иштер боюнча канцелярия башчысы Ян Цзечи америкалык президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен сүйлөшүп, акыркы учурда Вашингтон өлкөнүн ички ишине кийлигишип "туура эмес кадамдар менен билдирүүлөрдү" жасагандыгын айткан. Ал АКШны "бирдиктүү Кытай принцибин жана милденттенмелерди тыкыр сактоого" чакырган.

Кытай материги менен арал ортосундагы иштиктүү мамиле жана формалдуу эмес байланыштар 1980-жылдардын соңунда жаңыланган. 1990-жылдардан тарта мамлекеттик эмес уюмдар — мамилелерди жакшыртуу боюнча Пекин ассоциациясынын Тайвань кысыгы жана Тайбэй фонду аркылуу байланыша башташкан.

Кытайдын борбордук өкмөтү менен анын аралдык провинциясынын расмий мамилеси 1949-жылы үзүлгөн. Бул Чан Кайши башында турган Гоминьдан күчтөрү Кытай компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилип Тайванга барган соң болгон. Тайванда 23 593 794 киши жашап өздөрүн Кытай Республикасы деп аташат. XII кылымда Тайванды Кытай басып алып,кытайлыктар көчүп келип, жергиликтүү калк тоо тарапка сүрүлгөн. XVI кылымдын аягынан  —XVII кылымдын башына чейин япондуктар, андан соң португалдыктар, голландиялыктар, испандыктар ээлешкен. 1661-жылы кытайлык Мин династиясы, 1683-жылы Цинь династиясы башкарган. 1895-жылдан Тайванды Япония жеңип алат. 1949 жылы Мао-Цзедундан жеңилген соң Кытай Республикасынын өкмөт башчысы, генералиссимус Чан Кайши Тайванга бекинет. Аны менен кошо Гоминьдан партиясы, администрациясы жана  парламент, 2 млн кытайлык качкындар барат. Ошондон баштап бул жер Кытай Республикасынын башкы аймагы болуп калат, бул мамлекетти башкалар «Тайвань» деп коюшат. Кытай бул аймакты өзүнүкү катары көргөндүктөн Кытайга кошуу аракеттери жүрүп келет. Тайвань 1971-жылга чейин БУУда мамлекет катары өзүнчө орун ээлеп келген. Тайванды АКШ колдоп келатат.

 «АКШнын «мурунку» саясатчылары, «Тайвань картасы» менен ойношуп, убактысын бекер кетирип, бүлгүнгө дуушар болду» деген ат менен чыккан макала Кытайдын белгилүү маалымат агентчилиги «Синьхуада» пайда болгон. «Синьхуа» маалымат агентчилиги АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун делегацияны баштап Тайванга келгенин чагылдырат. Майк Помпеону Тайванда укмуш жасакерлик менен салтанаттуу тосуп алышып Вашингтон менен жакшы мамилени чыңдаганы үчүн «Бриллиант жылдызы» деген даңазалуу орденин көкүрөгүнө тагышкан. Азыркы кезде Тайванда ал-абал кандай? Украинадагы кан төгүүлөр Тайвандыктардын жүрөгүнүн үшүн алып коюптур. Мурун кокустан уруш чыгып кетсе Кошмо Штаттары бар эмеспи дешип аларга таянып жүрүшкөн тайвандыктар, Украинага эч ким болушпай жапжалгыз калганынан улам калчылдап корко башташты. Тайван парламенттинде бири-бири менен тытыша баштады. АКШга жан тарткан гоминдан партиясын көпчүлүк сүйбөй калды, Батыш кооз сүйлөгөндөн башкасын билбей турганына түшүнүштү. АКШ аларга курал-жарактарды берип коюп, чатак чыгарып коюп, өзү мылжыйып алыстан карап турарын парламент депутаттары айтып чыгышты. Тайвандыктар ачык эле: «Төрт миллион украиналыктар качкын статусун алышып Польшага кирип кетишти. Кокустан Кытай Эл Республикасы аймагын сактоо максатында Тайванга кол сала турган болсо, бизге ким болушат? Аралдарда жашап жаткан тайвандыктар деңизге чөгүп өлгөндөн башка аргабыз жок калат» -дешип жаткандары эмнени түшүндүрөт? Тайвандыктардын 60 пайызы Кытайга каршы тура албастарына ишенбей калышты. Ооба, Украинаны колтугунан сүйөп Орусия менен кайраштырып, согуш отун алоолонто жагышкан АКШ менен НАТО эми маалымат тарабынан моралдык жардам бергенден башка эмне кылып коюшуптур.

Тайванда болуп жаткан акыркы мезгилдеги дүрбөлөң Орусияга каршы багытталган жок. Булар «өз көмөчтөрүнө күл тартышып» кокус бизге Кытай кол салышса талаада каларыбыз бышык, андан көрө Кытай менен жакшы мамиле түзүп алалы деп жатышат. Эми Польша менен Румыниядагы ракеталарын чыгарып алып, кол куушуруп келбесе, Батыш Путин айткандай "өмүрүндө, тарыхында көрбөгөндөй, эстен кеткис болуп жазаланат"- дегендей жазаланып калышы мүмкүн. Путиндин сөзү тамаша эмес. Азыр НАТОнун Чыгышка жылганын токтотпосо кийин кеч болуп калат.

Кытай бийлиги Украинага гуманитардык жардамдын кошумча партиясын 10 миллион юань (болжол менен 1,57 миллион доллар) бөлүүнү чечти, Кытай муну кырдаалдын өнүгүшүнө жана муктаждыктарына ылайык жасады.Кытай тарап Украинадагы гуманитардык кырдаалды жөнгө салууда конструктивдүү ролду ойноону улантат жана гуманитардык кризистен чыгууга салым кошууга ниеттенүүдө», - деп белгиледи дипломат. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Кызыл Крест коому Украинага 5 миллион юань (787 миң долларга жакын) гуманитардык жардамдын биринчи партиясын бергенин жарыялады.Ага тамак-аш, эң керектүү буюмдар жана башка нерселер кирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости