www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын борбору Кабулдагы орус элчилигинин дарбазасынын алдында жардыруу болду. «Рейтер» полицияга таянып, аны жанкечти-террорист уюштурганын кабарлады.

«Талибандын» күзөтчүлөрү Орусия элчилигине жакындап келе жаткан жанкечти-террористке ок чыгарышкан. «Жанкечти Орусиянын Кабулдагы элчилигинин дарбазасын жардырып жиберген», — деп айтылат маалыматта.

РИА Новости булагы билдиргендей, жардыруу 5-сентябрда эртең менен Кабулдун Орусия элчилиги жайгашкан районунда болгон. Жардыруудан орусиялык дипломат жана элчиликтин кароолчусу жаракат алды.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Ооганстандын батышындагы Герат провинциясынын Гузара шаарындагы мечитте жума намаз учурунда жардыруу болгон. Окуядан 28 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости