www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын парламенти 13-апрелде пенсиялык камсыздандыруу боюнча Орусия менен кызматташуу долбоорун ратификациялады.

Бул келишимдин айрым пункттары боюнча Москва менен Душанбе көп жылдан бери макулдаша албай келген.

Тажикстандын Социалдык камсыздандыруу жана пенсия төлөп берүү агенттигинин башчысы Дилмурод Давлатзоданын айтымында, эми мигрант расмий түрдө иштеп, пенсиялык фондго акча которуп жүргөн өлкө ага мекенине кайткандан кийин да пенсия төлөп берип турат.

"Эки тарап үчүн тең милдетүү талап – бул жарандардын социалдык салыктарды төлөшү. Пенсиянын көлөмү жарандын иштеп тапкан акчасына, социалдык төлөмдөрүнө жана иш тажрыйбасынын узактыгына жараша болот", - деди Давлатзода.

Орусиянын маалыматына караганда, учурда бул өлкөдө жүргөн тажикстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашат. Алардын айрымдары орус жарандыгын алышкан.

Өткөн жумада тажик бийлиги Орусияда 387 миң гана тажикстандык бар экенин билдирген. Былтыр Душанбе Орусиядагы мигранттардын саны жарым миллионго жакын экенин кабарлаган.

Эл аралык каржы уюмдарынын изилдөөлөрүнө ылайык, Тажикстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлө эмгек мигранттары жөнөткөн акчага жан багат. Түрдүү маалыматтар боюнча мигранттар которгон акча өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости