www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Amazon ээси, негиздөөчүсү Жефф Безос АКШ президенти Жозеф Байденди штаттардагы инфляция Орусиянын Украинадагы аракетинен улам өсүп жатат деген билдирүүсүнөн кийин аны ыңгайсыз абалга калтырган жообун берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Май куюучу бекеттердеги бааны аныктаган компанияларга, алардын башкаруучуларына кайрылуум жөпжөнөкөй: азыр глобалдуу кооптуулук менен чыр-чатактын учуру",— деп жазган Америка жетекчиси май куюуучу бекеттердеги бааны төмөндөтүүгө ишкерлерди чакырган Twitter баракчасына.

Безос буга жооп кылып, Байденди экономиканын негизги мыйзамдарын билбейсиң деп күнөөлөдү.

"Ой. Инфляция — Ак үй мындай билдирүүлөрдү жасоосун уланта бере турган өтө маанилүү көйгөй. Бул же тикеден тике жаңылуу, же рыноктун базалык динамикасын терең түшүнбөгөндүк", — деген бизнесмен.

АКШнын президенти экономикалык кризисти Украинадагы чатактын курчуп кетишине байланыштырып бир нече ирет сүйлөгөн. Штаттардагы өсүп кеткен инфляцияны ал "путиндик кымбаттоо" деп атаган. Орусия президенти анын сөздөрүнө комменатарий берип, мындай билдирүү кат-сабаты жок, окуганды билбегендерге багытталгандыгын айтты. Азык-түлүк жана күйүүчү май көйгөйлөрү Вашингтондогу администрациянын, европалык бюрократиянын системалык түрдө кетирген каталарынын кесепети экендигин так, түшүнүктүү кылып негиздеп берген.

Ал арада Ак үйдүн расмий өкүлү Карин Жан-Пьер Безоско жооп берип, нефть жана газ компанияларынын "Америка элинин эсебинен ири киреше көрүү" аракетин колдоп жатат деп айыптоодо. https://ria.ru/20220704/bezos-1799980608.html Анын айтымында, нефтинин баасы өткөн айда болжол менен 15 долларга төмөндөгөнү менен май куюучу жайларда бензин арзандаган эмес. Карин Жан-Пьер бул "рыноктун базалык динамикасы" эмес экенин айтып, америкалык керектөөчүнү сызга отургузуучу рынок экенин белгилеген.

"Америка элинин эсебинен пайда табуу үчүн нефть жана газ компанияларынын рыноктун таасирин пайдаланганын экономикабыздын анык жүзү деп эсептей турганыңыз мен үчүн таң калычтуу деле эмес", — деп жазган Ак үйдүн өкүлү.

Орусиянын энергия булактарынын импортуна тыюу салынгандан кийин АКШда бензин рекорддук баага жетти. Эң жогорку көрсөткүч 11-мартта болгон, анда бир галлон (3,7 литр) 4,3-5,82 долларга чейин көтөрүлгөн. Инфляция кырк жылдык рекорддорду ашып өтүп, 8,5 пайызды чапчыган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости