www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинага формулировкалар так жазылган документтин долбоорун тапшырды, эми кезек Киев тарапта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип жазды.

Ал белгилегендей, буга чейин Украина мурда берген келишимдеринен дайыма кайра кайтып, тексттерди тынымсыз өзгөртүп келген.

"Албетте, бул нерсе жакшы натыйжага алып келбейт. Учурда биздин документтин долбоору Украина тарапка берилди. Анда бардык шарттар менен талаптар так жана даана көрсөтүлдү. Жооп күтүп жатабыз", — деди Песков.

Орусия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн Украинаны демилитаризация жана денацификация жасап, Донбасстагы жай жашоочулардын канына забын болгондорду аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.

Ал эми бүгүн Орусиянын Аскердик аба-десант күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы, генерал-полковник Владимир Шаманов атайын операциянын биринчи этабы ийгиликтүү аяктаганын, экинчи этаптын башкы максаты Одессаны бошотуу экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости