www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Өкмөтү мурда чет өлкөлөрдөн кирген товарларды кайра сыртка алып чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу  РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мурда Орусияга чет өлкөдөн ташылып келген товарларды, жабдууларды башка мамлекетке алып чыгууга убактылуу тыюу салынган чечим 2022-жылдын аягына чейин күчүндө болот.
Тизмеге технологиялык, электрондук, медициналык жабдуулар, байланыш, транспорт каражаттары, айыл чарба техникалары кирген. Андан тышкары вагон, локомотив, контейнер, турбина, металл жана таш иштеткен станок сыяктуу каражаттар да бар. Жалпысынан товардын 200 түрү камтылган.

Бул чечим Орусия базарындагы туруктуулукту сактоо максатында кабыл алынганы айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости