www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын талабынын негизинде Орусия Федерациясында Instagram социалдык тармагына кирүү чектелет. Бул тууралуу Роскомнадзордун расмий сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, Instagram социалдык тармагында Орусия Федерациясынын жарандарына, анын ичинде аскер кызматкерлерине карата зомбулук аракеттерин жасоого чакырыктарды камтыган маалыматтык материалдар таратылгандыгына байланыштуу чектөө киргизилери айтылган.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын Башкы прокуратурасы Instagramга кирүүнү чектөөнү талап кылып, ошондой эле Instagramдан тышкары Facebook жана WhatsApp тармактарына ээлик кылган Мета компаниясына чара көрүү үчүн сотко кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости