www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Волгоград шаарында Кыргызстандын 2 жараны кармалды. Алар баңгизат сатууга аракеттенишкен деп шектелүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтында айтылды.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы жигиттер болжол менен 1 ай мурун батир ижарага алып, баңгизат сатуу менен алектенип жүрүшкөн. Алар сатылган баңгизатты бир жерге катып коюшчу. Жигиттерди кармоо учурунда 180 грамм мефедрон табылды. Ошондой эле алардын үйүнөн сатыкка даярдалган 300 граммдан ашуун мефедрон, ошондой эле марихуана табылган.
Кармалган жарандарга баңгизатты мыйзамсыз сатууга аракеттенүү беренеси менен айып тагылды. Алар 15 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg