www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Танзанияда жүргүнчү учагы кыйрап, кеминде 19 адам каза болду. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги өлкөнүн премьер-министри Касим Мажаливага шилтеме берүү менен билдирди.
Tanzania Business Insight алгач учакта 53 адам болгонун кабарлады. Кийинчерээк такталгандай, ал жерде эки учкуч, эки стюардесса жана 39 жүргүнчү - жалпысынан 43 адам болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка жаан жана аба ырайы себеп болгон. Полициянын маалыматы боюнча, учак 100 метр бийиктикте турганда көлгө тийген.
Кырсыктан кийин жамгыр токтоп, куткаруучулар окуя болгон жерге жеткен.
Би-Би-Си күбөлөргө таянып билдиргендей, учак сууга урунгандан кийин жергиликтүү балыкчылар ага сүзүп барып, арткы ачык люк аркылуу айрым жүргүнчүлөрдү куткарып калууга жетишкен.
Эске сала кетсек, 6-ноябрда Букоба (Танзания) аэропортуна конууга аракет кылган жүргүнчү учагы Виктория көлүнө кулап түшкөн.
Булак: NazarNews.kg