www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында эки кыргызстандыкты унаа сүзүп кеткенин билдирген.

Алар азыркы учурда Хабаровск аймагынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Амурдагы Комсомольск шаарынын №7 шаардык ооруканасында дарыланууда.

Кыргыз Республикасынын Хабаровск крайындагы Ардактуу консулунун өкүлдөрү жарандарды дарылоо процессине жооптуу дарыгер менен жолугушуу өткөрүшкөн. Медицина мекемесинин маалыматына ылайык, 2004-жылы туулган И.К.нын абалы туруктуу, аң-сезими жайында, туугандары менен байланышка чыкты.

2004-жылы туулган М.А.га шашылыш операция жасалып, башындагы уюган кан алынган, абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, өз алдынча дем алып жатат.

Консулдун маалыматына ылайык, 30-апрелде анын өкүлүнүн дарылоочу дарыгер жана университеттин администрациясы менен жолугушуусу пландалган.

Окуя боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдалануу тартибин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Последние новости