www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Чоң-Алай районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 2 жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды, деп билдирди УКМК.

«2004-жылы уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү А.А. Чоң-Алай районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кысым көрсөтүп, мыйзамсыз түрдө 0,45 га менен эки кабаттуу имаратты ээлеп алып, 2009-жылы 1536,99 чарчы метрлик «А.» ресторан комплексин куруп алган.

Ошол эле учурда 1999-жылдын май айында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын айрым кызмат адамдары Дароот-Коргон айылынын борборундагы 0,17 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп беришкен. Учурда аталган жер тилкесинин ээси болуп саналган К.Э. объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди», деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости