www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошова 2-июнга чейин үй камагына чыгарылды.
Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, 30-апрелде сот УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн жубайларга карата үй камагына чыгаруу сунушун карады. Жыйынтыгында Биринчи май райондук соту өтүнүчтү канааттандырды.
Айжигитов менен Жолдошова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. УКМК Айжигитов Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда жубайын мыйзамсыз түрдө депутатка жардамчы кылганын билдирди. Комитет Айжигитов Баткен облусунун губернатору болуп турганда да жубайын мамлекеттик кызматкер кылып дайындаганын кошумчалады.