www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция агенттигинин бөлүм башчысы Алишер Рузиев билдирди.

Миграция маселелерине арналган видеоконференцияда Рузиев Өзбекстанда курулуш тармагы тез өнүгүп жатканын, айрым объектилердеги эмгек акы Орусиядагы эмгек акыга атаандаш боло аларын белгиледи.

Алишер Рузиевдин айтымында, Өзбекстандагы кээ бир ири курулуштарда куруучулар айына 500-600 доллардын тегерегинде маяна алышат.

«Ошондуктан Орусияга ушуга окшош айлыкка баруу мындан ары пайдалуу эмес», — деп кошумчалады ал.

Аткаминер акыркы эки жылда агенттик жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруунун географиясын кыйла кеңейткенин, атап айтканда, Европада жумуш күчүнө болгон суроо-талап жогорулаганын белгиледи.

Июнь айынын башында Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Орусиядагы өзбекстандык эмгек мигранттарынын саны акыркы сегиз жылда 4-6 миллиондон 1 миллионго чейин азайганын билдирген. Бул цифраны май айынын аягында Өзбекстанга иш сапары менен барган Орусиянын президенти Владимир Путин да айткан. Ал Орусия мигранттардын экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымын баалай турганын жана алар үчүн эмгек шарттарын жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатканын белгилеген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости