www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстанга жаңы элчи жөнөтөт

Росссиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко кызматтан бошотулуп, анын ордуна Сергей Вакунов дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга Россиянын президенти Владимир Путин кол койду.

Белгилүү болгондой, буга чейин Николай Удовиченконун дипломатиялык миссиясы аяктаганы кабарланган. Ал 2019-жылдын январь айынан бери Кыргызстандагы элчиликти жетектеп келди.

Сергей Вакунов 2011-жылы Дмитрий Медведев Россиянын президенти болуп турганда, анын жарлыгы менен «Достук» ордени менен сыйланган. Анда Вакунов президенттин Чет мамлекеттер менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгында референт кызматын ээлеп турган. Ачык булактарда Вакунов тууралуу маалымат аз болуп чыкты.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости