www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда жарыяланган аскердик мобилизациянын алкагында акыркы 10 жылдын ичинде орус жарандыгын алган борбор азиялыктар бир жыл аскердик кызмат өтөөгө милдеттендирилиши мүмкүн.

Тиешелүү сунуш даярдалып жатканын Орусия президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов билдирди.

Анын айтымында, эгер Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан барып жарандык алгандар бир жыл аскердик кызмат өтөөдөн баш тартса, алардын өзүлөрүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн орус жарандыгынан ажыратуу пландалууда.

"Бул демилгени ишке ашыруу – жарандарын кылмыш жоопкерчилиги менен коркутуп, ыктыярчы катары атайын аскердик операцияга катышуусуна тыюу салып жаткан аталган өлкөлөрдүн бийликтерине адекваттуу жооп болот", – деди Кабанов.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрү өз жарандарын чет өлкөлөрдүн аймактарындагы согуштарга катышпоого жана аскердик түзүмдөргө кошулбоого чакырып, "мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин" эскертишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости