www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга берилген техника тууралуу сөзүн "недоброжелателдер" бурмалап жатканын четке каккан жок. Бул туурасында мамлекет башчы "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде суроого жооп берип жатканда айткан.

— Владимир Путин менен акыркы жолугушууңузда ал «Кыргызстанга техникаларды бердик» деди. Кечээ жакында эле "ӨКМге техникаларды өзүбүз сатып алдык" деген маалымат тарады эле. Ошондо өзүбүз алганыбыз калппы, түшүндүрүп ачыктап берсеңиз.

— Мен келгени Россиядан ӨКМге бир да техника ала элекпиз. Владимир Владимирович бир тик учак жана өрт өчүргүч унааларга кол коюлган, эми беребиз деген сөздү айтты. Тагыраагы, жакын арада жиберебиз деди. Анын сөзүн "недоброжелателдер" бурмалап жатышса керек. Өткөндө ӨКМге алынган бир тик учак жана башка техникалар 100 пайыз өзүбүздүн бюджеттин эсебинен сатылып алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости