www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учакты уюштуруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Бул иштерди президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн Тышкы иштер, Транспорт жана коммуникациялар жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери уюштурат.

Расмий маалыматка караганда, соттук-медициналык экспертизалар бүтүп, кырсыкта мерт болгондордун тек-жайы такталып, Орусиянын тергөө органдарынан маркумдардын сөөгүн алып чыгууга уруксат алынгандан кийин атайын рейс Ульяновск шаарына жөнөйт.

Элчилик тараткан маалыматка караганда, ушул тапта консулдук кызматкерлери окуя болгон жерде жүрүшөт. Алар кырсыкта жараат алып, ооруканада жаткан үч жарандан кабар алышты. Алардын абалы туруктуу оор деп бааланып, керектүү дары-дармектер менен толук камсыз болгон айтылат.

21-августта Ульяновсктогу катуу жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14 кыргыз жарандары экени такталган. Дагы үч кыргызстандык ооруканага жеткирилген жана алардын абалы оор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости