www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр дүйнөлүк ал-ахыбал оор абалда турат. Акыркы мезгилде Украинадагы чыр-чатактар Орусияны да мурунку жетишкен экономикалык ийгиликтеринен алыстатып, жакында Украинага “Газпром” газды жаап коюуга аргасыз болушту. Эми Украинага "бир тамчы" газ да өтпөй калды. Деги эле Европада газ маселеси татал маселеге айланды. Бүткүл Европа көгүлтүр оттун олуттуу тартыштыгына дуушар болууда.
Анткени Орусиянын негизги түтүгү болгон "Түндүк агым" 20 пайыз кубаттуулук менен гана иштеп жатат. "Газпром" муну талапка жооп бербеген техникалык тейлөө жана Siemens турбиналары оңдоп-түзөөдөн кийин Канада тараптан кайтарып берилбей жатканы менен байланыштырган. Азыр куурду иштетүү үчүн беш кыймылдаткычтын бирөө гана колдонулууда.
"Газпром" "Түндүк Агым» газ түтүгүн күнүмдүк техникалык тейлөөнүн жыйынтыгы боюнча жабдуулардын иштеши боюнча бардык сын-пикирлер жоюлганга чейин толугу менен өчүрүүдө. Бул туурадуу аталган компания билдирүү таратты. "Trent 60 (№ 24) аныкталган мүчүлүштүктөр жана аларды оңдоо зарылдыгы тууралуу кат Siemens Energy AG компаниясынын президенти жана башкы директору Кристиан Бручка жөнөтүлдү. Жабдуулардын иштеши боюнча сын-пикирлер жоюлганга чейин "Түндүк Агым" газ түтүгүнө газ ташуу толугу менен токтотулду", - деп айтылат маалыматта. Графикке ылайык, газ түтүгү 3-сентябрдан тарта газды тартууга кириши керек болчу.
Эми компаниянын билдирүүсүндө Түндүк Агымдын ишин кайра баштоонун күтүлгөн күнү көрсөтүлгөн эмес Шольц Германия Орусиядан газ алууну токтотпой турган себебин айтты. Германия көгүлтүр от аз келип жатканына карабай Орусиядан газ импорттоону токтото албайт. Бул тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц мындайча билдирди:
"Кырдаалдан чыгабыз деп ишенем. Газдан баш тарта турган болсок кыйналып калабыз. Орусиядан көгүлтүр от аз болсо да келип жатат. Жашообузду татаалдаштырбашыбыз керек. Бул менин жеке оюм", - деген ал.
Канцлер Германиянын энергетикалык каатчылыктан чыга ала тургандыгына ишенимин Берлин газ кампаларын убагында толтуруп, көмүр менен иштеген электр станцияларын ишке киргизгени менен түшүндүрдү. Ал көгүлтүр отко көз каранды болбош үчүн мамлекет газды импорттоо үчүн инфраструктурасын кеңейтиши керектигин кошумчалаган. Шольц Евробиримдик эмне себептен газды импорттоого санкция киргизбей жатканын да түшүндүрдү. Анын айтымында, бул биринчи кезекте Германия менен эмес Европанын түндүгүндөгү мамлекеттерге байланыштуу: "Алар башка жолун биздей бат таба албай жатышат", - деген ал.
Орусия Европанын көп мамлекеттерине арзан газ берип, суйкайта сүйлөтүп койгон. Алар АКШнын сөзүн сүйлөп экономикалык санкцияларга киребиз деп өз элине кыянаттык кыла баштады. Орусия газынан баш тартуу Германиянын бардык тармактарында тартыштыкты жаратат. Өнөр жай өкүлдөрү эгерде азыр Орусиянын серьесунан баш тартса экономика төмөндөй баштаарын эскертип жатышат. Тагыраагы, химиялык гигант BASF өзүнүн ишин токтотсо курулуш материалдары менен жарым фабрикаттардын каатчылыгы ар тараптан каптайт. Автомобиль өндүрүшү маңдайкы айнектерди жасай албай калат, башкача айтканда, сатуу токтойт, тамак-аш өнөр жайы маанилүү болуп келген ингредиенттерден кол жууйт, фармацевтика аксайт. Тартыштык бардык жакта жаралат.
Камсыз болуп жашаган учур каатчылыкка кептелет, андыктан Орусия газы зарыл. Федералдык тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер көгүлтүр оттун үзгүлтүккө учурап берилиши немец бизнесине, калкка кесепетин оңбогондой тийгизерин айткан. Ал эми Германия ТИМ жетекчиси Анналена Бербок Орусиядан газ импорттоого тыюу салган тартип киргизүү боюнча сүйлөгөн. Орусиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымдарын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду.
Европада орусиялык энергоресурстарга көз каранды болууну азайтуу боюнча чакырыктар айтыла баштады. Анткен менен технологиялык чынжырчанын бузулушу Европа менен АКШда экономикалык көйгөй жаратып, тамак-аш жана отун ресурстары кымбаттады. Кремль мындай кадамды буга чейин кездешпеген экономикалык согуш деп атады. Бийлик абалдын жогорудагыдай болуп кетишине мурдатан даяр болгондугун жана социалдык милдеттерин аткара берерин билдирген. Орусиянын банктары валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө сала турган чараларды көрдү. Өкмөт жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы планды даярдаганын билдирип, финансылоонун көлөмү триллион рублге жакын акчаны түзөрү айтылды.
Батыш санкцияларынын күчөгөн учурдун фонунда Орусия касташкан мамлекеттерге берген газдын акчасын рубль менен алмай болду. Газпромбанк чет элдик сатуучулар үчүн валюталык жана рублдик эсептерди ачары айтылган. Алар биринчи эсепке келишимде көрсөтүлгөндөй валюта менен которот, банк аны Мосбиржада сатат да, андан кийин гана берген тарап менен эсептешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. "Чоң жетиликтин" өлкөлөрү Москванын бул позициясы менен макул эмес жана көгүлтүр оттун акысын рубль менен талап кылуу келишимди бир тараптуу бузгандык деп эсептейт. Кремлден буга "акча төлөнбөсө газ да болбойт" деп жооп беришти.
Украина Европага кеткен газдын “көпүрөсү” катары гана милдетти аткарып, ошондон пайда таап келишкен. Ал жердеги 2014-жылдагы революция ишти "теңирден тескери" айлантты. Алгач Украинадан тарыхий Крым аймагын алган соң, Орусияны дүйнөлүк державалар экономикалык кысымга алышып, Европадагы анын таасирин азайтууга аракет кылышкан. Украинага Петр Порошенко президент болуп шайлангыча, анын түштүк-чыгышы аракетке кирип, Донецк жана Луганск облустары өз алдынча республика болоорун билгизип референдум өткөзүп жиберишкен. Эгерде Крым облусун Никита Хрушев 1954-жылы Украинанын Орусияга кошулушунун 300 жылдыгына белекке берсе, Украинанын түштүк-чыгышын Владимир Ленин граждандык согуш учурунда эле, мындайча айтканда 1918-1920-жылдары эле, Орусиядан алып Украинага берип койгон.
Япониядагы аймактар Орусиянын жүрөгүндөгү эски карттар сыяктуу, орус улутчулдарынын символуна айланган. Эмне үчүн Япония канча жылдан бери акактап сурап жаткан Кунашир, Итимур жана башка аралдарды Орусия 1945-жылы жеңип алгандыгы үчүн, аларга карматкан жок. Ошондуктан, Япония да орус мамлекетин дүйнөлүк державалардын арасында көп сүйө бербейт. Деги эле Орусия көптөгөн мамлекеттер менен чектешип, алардын көпчүлүгү Орусияга оң мамиледе эмес. Мисалы: Польша менен Финляндия Октябрь революциясына чейин Орусия империясынын карамагында болуп келген.
Аларга эркиндикти Брест тынчтык келишими берген. Поляктар менен финндер орустарга каршы канча курал кармабады, бирок алардын жеңилиши менен аяктады. Порт-Артурду алалы, ал үчүн да Орусия туруп берген, акыры Кытайга өтүп, Мао-Цзе-Дундун заманында кытай бийлиги СССРге жарыяланбаган согуш ачып жеңилип келген. Кытай Орусия эгемендүүлүгүн алгыча тирешип турса, азыр Евразияда ШКУ саммитин түзүп, НАТОго “тишин көрсөтүп” турат. Кытай менен достошуу учурунда биздин Үзөңгү-Кууш аймагы да "жертвага" чалынып, Акаев 70 пайыз жерибизди Кытайга карматкан.
"Газпром" Украинанын көкөйүн кесип, бизге качан көңүл бурат? Кыйыр байланыш болсо да "Газпром" ишканасында көкөйдү кескен маселелер турат. "Газпром" бир топ убакыт чоюп, ратификацияланышып 2013-жылы апрель айында гана "Кыргызгазды" 1 долларга өзүнө кошуп алган. Ошондон соң газ маселесин биздин мамлекетте "Газпром" чечиши керек. Украинадагы бир топ чатактар жана Орусия мамлекети газ проводдорун Кытай тарапка буруусу дүйнөлүк деңгээлде маселеге айланды. Ал эми биздин мамлекетти толук газ менен камсыздандырышы үчүн "Газпром" өзүнө алгандыр.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg