www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте акыркы учурларда шаардын аймактарында таштандылар толуп кеткендиги тууралуу катуу талкуулар жүрүүдө. Мындай талкууларга каршы пикирин билдирген Мавлян Аскарбеков өзүнүн Facebook баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:
«Бишкекте таштанды боюнча ким гана жазбады, билгени да, билбегени да. Кыскача маалымат:
Таштандыны чыгаруу М.И. «Тазалыктын» милдети, Октябрь району аутсорсинге берилип, «Комтранском» жеке компания алектенет. Аларды да кетирүү аракети менен сот иштери жүрүүдө. Экс-депутаттар, жана башка ушул сыяктуу амалкөйлөр, борбордогу ийри иш-каналар менен келишим түзүп алып, таштанды үчүн акчаларды алышат. Акыркы 3 жылда «Тазалыкта» 10 ашуун жетекчи, орун басарлары менен алмаштырылган. Ал жакта жана таштанды полигонунда өтө чоң кызыкчылыктар жана коррупция бар экенинде шек жок. Шаардыктардын үчтөн бир бөлүгү да таштанды үчүн акча төлөшпөйт, тариф да болбогон 22.5 сом бир айга. Айгайлап жаткандар квитанцияны бир карап койсоңор. Шаарда жашагандардын көбүндө маданият нөл. «Тазалык» тургундардан жана жергиликтүү казынадан каржыланат. Технологиялык карта боюнча шаардын негизги көчөлөрүндө кана тазалоо иштери каралган. ЕБРРге 22 млн. доллар жана башкаларга да карызы бар. Шаар тегерегиндеги айыл тургундары да шаарга таштанды ташташат.
Механизация минималдуу, техникалар эчак өлгөн, КПД төмөн. Урбандашуу, курулуш, шаар тургундарынын өсүү динамикасын, миграция, таштанды морфологиясынын өзгөрүүсүн жана башка ушул сыяктуу факторлорду эске алган өнүгүү стратегиясы жок. Интернеттеги азыркы хайп, баягы эле интрига, бийлик талаш, бирөөлөрдүн буйрутмасын аткаруу», - деп жазган.
Булак: NazarNews.kg