www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кабулдагы Орусиянын элчилигинин жанындагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" же ИГИЛ террордук тобу өзүнө алды. Аталган кол салууну эртең менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн консулдук бөлүмүнүн имаратынын жанында жанкечти-террорист жасаган. Жыйынтында, элчиликтин эки кызматкери жана бир нече ооган жараны набыт болгон.
Кабул полициясынын басма сөз катчысы Халид Задран жанкечти чогулгандарды жардырууну пландаганын, бирок аны ишке ашыра албаганын, анткени коопсуздук күчтөрү ага каршы ок чыгарганын билдирди. Теракттан кийин курулуш комплексинин сырткы периметрин коргоо Ооган бийлигинин жана жергиликтүү контрчалгын кызматынын кошумча күчтөрүн тартуу менен күчөтүлгөнүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин элчиликтин кызматкерлеринин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоону тапшырды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын Кабулдагы элчилигинин жардыруудан каза болгон кызматкерлеринин элесин эскерди. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жардыруудан орусиялык дипломатиялык өкүлчүлүктүн эки кызматкери каза болгон.
Орусиянын элчилиги жарылууну иликтеп жаткан Ооганстандын коопсуздук кызматтары менен тыгыз байланышта экенин билдирди. Алдын ала берилген маалыматтарда 15-20га чукул киши жабыркаган. Буга чейин Рейтер агенттиги террорчу жан кечти талибдердин күзөт кызматына ок чыгаргандыгын жазган.
Ооганстандын борбору Кабулдагы орус элчилигинин дарбазасынын алдында жардыруу болду. "Рейтер" полицияга таянып, аны жанкечти-террорист уюштурганын кабарлады. "Талибандын" күзөтчүлөрү Орусия элчилигине жакындап келе жаткан жанкечти-террористке ок чыгарышкан. "Жанкечти Орусиянын Кабулдагы элчилигинин дарбазасын жардырып жиберген", — деп айтылат маалыматта.
Жардыруу 5-сентябрда эртең менен Кабулдун Орусия элчилиги жайгашкан районунда болгон. Жардыруудан орусиялык дипломат жана элчиликтин кароолчусу жаракат алды.Эскерте кетсек, 2-сентябрда Ооганстандын батышындагы Герат провинциясынын Гузара шаарындагы мечитте жума намаз учурунда жардыруу болгон. Окуядан 28 адам каза болгон. 2021-жылы август айында "Талибан"* кыймылы Кабулду басып алып, өкмөттүк аскердик күчтөр менен согуш аягына чыккандыгын жар салган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg