www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам боюнча рычагдарыбыз калбады. Жалгыз күчүбүз, таянганыбыз мына ушул — микрофон, коомдук пикир, элдик колдоо болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта, депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Конституцияда көп өзгөрүүлөр болгон.

«Парламентти Аткаруу бийлиги укпай калды деп жатабыз. Анын себеби, биз Баш мыйзамды өзгөрткөнбүз. Мына ошого бардыгыбыз каршы чыкканда, кээ бир депутаттар макулдугун беришкен. Мына ошонун жемиши азыртадан келе баштады», - деди ал.

«Эмне үчүн өкмөт бизди тоготпойт? Мурда рычагыбыз болчу. Бюджетти кабыл албай койсок, өкмөт толук курам менен отставкага кетчү. Азыркы Баш мыйзамда андай эмес. Министрлер келбей койсо эмне кылабыз? Мыйзам боюнча рычагдарыбыз калбады. Жалгыз күчүбүз, таянганыбыз мына ушул — микрофон, коомдук пикир, элдик колдоо», - деди Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости