www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин жаза тууралуу өз баракчасында ой бөлүштү.
“Цивилизациянын чордонунда жылаңач же жарым жылаңач жүргөндөргө эч ким тийишпейт.
Тарбиясыздар, аңгилер, жексурлар паранжычандарга деле асылышат.
Толук чүмкөнүп жүргөн мугалим эжейлерди атайын издеп өлтүргөн талиптер тууралуу кабарларды окуп эле жүрбөйбүзбү.
Кийим - шылтоо.
Бул шылтоого алданып, паранжы тагынып албагыла, айымдар!
Ал эми паранжыга чакырган көрпенделер эч кандай укук коргоочулар эмес, андайлар - укук кордоочулар.
Кээ бир шариятты мыйзам деп жарыялаган өлкөлөрдө сойкулукка каршы кантип "күрөштү жүргүзүшөт"?
Андагы сойку эркек таналар сойкулукка мажбурланган аялдан эл көзүнчө паранжы кийүүнү талап кылышат да, андан соң ал аял менен бир нече сааттык "нике курушат", муну төбөдөн көрүп турган кудуреттүү кудайы жаза тайып алданып калчу "адал амал" деп өздөрү чындап ишенишет.
Мындай акыбалды Иран, Ооганстан түгүл, илгерки такыба Кашкардын өзүндө да учуратышкан, Кокон хандыгында да болгон.
Аял күнөө ("зына") кылышы үчүн экинчи тарап - эркек да керек эмеспи. Таш бараңга алганда, эркек башы гана чыгарылып, аял белинен өйдө чыгарылып ташка кабылып өлгөн, бирок адилет сот жок болгондуктан, далай бечара аялдар ушак-айыңдан улам жазыксыз өлгөн.
Эми салафийлик дамбалчан, сакалчандар ошого кайра чакырууда.
Андан көрө айымдар өзү да эркин, кийим кийүү маданияты да эркин жашаганы оң.
Бул түзүлүштү каалабаган эркек таналар Кабулга - талиптер режимине көчүп кетишсин!
Бирок Кабул деле акыры либералдашат.”
Т.Чоротегин. 2022.
Булак:NazarNews.kg