www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын мунай-газ кирешеси 46% кыскарды

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, январь айында Орусиянын бюджетине мунай жана газдан түшкөн киреше 420 млрд рублди түзүп, өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 46% кыскарды. Бул 2020-жылдын август айынан берки эң төмөн көрсөткүч болуп эсептелет.

Мунай-газ кирешеси Орусиянын бюджетинин болжол менен төрттөн бирин түзүп, негизги каржылоо булагы болуп саналат. Кирешенин азайышына негизги себеп мунай бааларынын түшүүсү. Декабрь айында мунайдын баасы 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу 53% арзандап, бир баррели 3073 рублге чейин түшкөн.

1-февралдан тартып Евробиримдик орус мунайы үчүн баа чегин баррели 47,6 доллардан 44,1 долларга түшүрдү. Бул чектөө 2022-жылдан бери Украинага каршы согуштун фонунда киргизилген санкциялардын алкагында жүргүзүлүүдө.

Последние новости