www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуштагы жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү алдамчылык жана опузалоо схемасынын шериктеши болгон жактоочу Исаев Рустам Асангазыевич кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан алдамчылык жана ири өлчөмдөгү мүлктү опузалап алуу фактылары боюнча күрөөкана иштетүү жана сүткорлук менен алектенген КР жараны Султанов Манас Асеинович кармалган.
Султанов Манас Асеинович өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, оор каржылык абалдагы жарандардын эсебинен пайда табуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзгөн. Тактап айтканда, Султанов М.А. ага кайрылган жарандарга өтө жогорку пайыздык чендер менен ачыктан-ачык оор шарттарда насыяларды берип, кардарларды көз каранды абалга алып келүү менен, аларды өзүнө алган милдеттенмелерин өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан (акыры ал кардарларынын насыя алуу үчүн күрөөгө коюлган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн мыйзамсыз түрдө тартып алган).
М.А. Султановтун жогоруда айтылган ишмердүүлүгү жабырлануучуларга кысым көрсөтүү, коркутуу жана психологиялык таасир этүү элементтерин колдонуу менен коштолуп, жарандардын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кайрылууларына тоскоолдуктар жасалган.
М.А. Султановко жогоруда айтылган мыйзамсыз иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн Исаев Рустам Асангазыевич аттуу жаран өзүн анын өнөктөшү жана жактоочусу катары көрсөтүп, баардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткөнү аныкталган.
Ошол эле учурда, Р.А. Исаевтин түздөн-түз катышуусу жана көмөгү астында «Эксперт Строй» ЖЧКга караштуу - «Шелковый путь» турак жай комплекси жана «Арз Девелопмент» ЖЧКнын жетекчилерине карата кыймылсыз мүлктөрдү жана башка материалдык баалуулуктарды опузалап алуу жана опузалап талап кылуу иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, Р.А. Исаев юриспруденция жаатында практикалык көндүмдөргө жана теориялык билимге ээ болгондуктан, М.А. Султановтун ишмердүүлүгүнө жол көрсөтүп, түздөн-түз колдоо көрсөтүү аркылуу жогоруда аталган курулуш объектилеринин менчик укугуна негизсиз чектөөлөрдү киргизүүгө көмөктөшкөн. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрүн жана үлүшчүлөрдү мүлктөрүн өткөрүп берүүгө көндүрүү үчүн жеке өзү коркутууларды ишке ашырган.
Маалымат үчүн: Исаев Рустам менен Султанов Манастын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында «Эксперт Строй» ЖЧКга караштуу - «Шелковый путь» турак жай комплексинин 89 үлүшчүсү, «Арз Девелопмент» ЖЧК курулуш компаниясынын өкүлдөрү жана алардын сүткорлук кызматтарынан пайдаланган бир катар кыргызстандыктар жабыркаган.
Жогорудагыларды эске алуу менен, чогултулган материалдар КР Башкы прокуратурасына жөнөтүлүп, ал жактан жактоочу Р.А. Исаевге карата КР КЖК 41-беренесинин 4-бөлүгү, 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн КР УКМКга өткөрүлүп берилди.
Аталган кылмыш ишинин алкагында 2026-жылдын 19-январында бир катар издөө жана тергөө-ыкчам иш-чаралары уюштурулуп, анын натыйжасында КР КЖПК 96-беренесине ылайык, КР жараны Р.А. Исаев кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, ага тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.