www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирилгендей, Кыргызстан «Бирдиктүү саламаттык” программасынын 1 фазасынын алкагында пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө 30 миллион доллар алмакчы. 

Жыйында суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев долбоордун алкагында кандай иштер жасала турганы жөнүндө маалымат берди. 

Арасында эки жаңы ветлабораториялар курулуп, учурдагы алты лаборатори модернизацияланат. Жаңы эки мобилдик лаборатория сатып алынып, 78 жергиликтүү ветеринардык санитардык лабораториялар жаңыланат. 40 чек аралык контролдук ветеринардык пункттар жабдылып, 44 райондук жана шаардык лабораториялар муздаткыч камсыздалып, 1 миң 607 бирдиктеги ветжабдуулар алынат. Мындан тышкары малдар вакциналанмакчы. 

Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү кызматынын директору Адилет Сатыбалдиев билдиргендей, өлкөдөгү сибирь жарасынын очокторун жок кылуу аяктап бара жатат. Анын маалыматы боюнча, 2023-жылы жүргүзүлгөн инвентарлаштыруунун натыйжасында өлкө аймагында сибирь жарасынын 567 очогу катталып, жергиликтүү бийликтердин күчү менен 560 объект толук жок кылынган. Ошентсе да, чек аралардагы ветеринардык көзөмөл күчөтүлбөсө жана сибирь жарасынын очокторуна толук контроль орнотулбаса, анын кайра пайда болуу тобокелдиги толук жоюла элек. 

Эске сала кетсек, убагында бактериологиялык куралда колдонулган сибирь жарасынын козгоочулары - Bacillus anthracis бактериялары споралар түрүндө өтө туруктуу жана кыртышта 100 жылдан ашык сактала алат. Ошондуктан совет мезгилинде сибирь жарасы чыкканда ал айылда дароо карантин жарыяланып, аны менен ооруган малдын эти өрттөлүп, жерге көмүлүп, мал союлган жер бир сыйра өрттөлгөндөн кийин калың бетондолуп салынчу. 

Ал эми малды союуга катышкан адамдар ооруканаларда изоляцияланып жаткырылып, толук текшерүүдөн өткөндөн кийин гана чыгарылган. Кызыгы сибирь жарасынын козгоочулары табиятта кездешкенби, же ошол курал жасалган лабораториялардын чыгып кеткенби, азырга чейин табышмак!

Демек, сак бололу!

Мырзакат Тыналиев

Последние новости