www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Магаданда кар күрткүсү жана жагымсыз аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы Любомир Муха билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.

«Магаданда жергиликтүү чараларды көрүүнүн өзгөчө режими киргизилди. Өзгөчө кырдаал аймактагы кардан тазалоо иштерине байланыштуу. Тазалоо иштери жүрүп жатат, РСЧСтин аймактык подсистемасынын күчтөрү жана каражаттары тартылып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Магадан шаарынын мэриясы бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн режимге өткөнүн билдирди. Тактап айтканда, аба ырайынын кесепеттерин жоюу үчүн жумушчулар, машинисттер, самосвалдардын айдоочулары жана жүктөгүчтөр эмгек өргүүсүнөн чакырылууда.

Эске салсак, буга чейин Иркутск облусунда үшүккө жана тиричилик өрттөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу күчөтүлгөн режим киргизилген — ал 5-декабрга чейин созулат. Облус губернатору Игорь Кобзев жакынкы аралыкта кээ бир жерлерде термометрлердин көрсөткүчү 32 градуска чейин төмөндөй турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости