www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинде улуулуктун символдору кыштын башында бир кагылышат: эл аралык Манас күнү, Чынгыз Айтматовдун туулган күнү жана Алыкулдун өлгөн күнү. Манаска келсек, Кытайды Ху Цзинтао башкарып турган 2009- жылы кытайлык кыргыздарга байлап Кытай Манаска ЮНЕСКОдо ээлик кыла баштаган. Бирок кыргыздын эр азамат уулу Карганбек Самаков карап тура албай Манасты кыргыздардын энчисине басып берген. Бул 2013-жылдын 4-декабры болгон, ошол күндөн баштап бул күн Манастын күнү катары эл аралык мааниде белгиленип келатат. Быйылкы жылы Кытайдын азыркы жетекчиси Си Цзинпин Манасты  өтө урматтай турганын билдирди. Кеп Манастын Бээжинди басып алганында деле эмес. Ошентсе да Си Цзинпиндин Манаска таазим этип турганын бүт дүйнө жүзү көрүп, өзгөчө кыргыздар аябай маашырланды.

«Манас» эпосу 2009 –жылы Кытайдагы кыргыздардын атынан ЮНЕСКОго катталып кетти. Муну уккан мекенчил жигиттердин арасында ыза отуна тумчуккан Карганбек Самаков 2010-жылдан баштап дээрлик үч жыл башын канжыгага байлап коюп, Манас атаны кыргызга кайрып келиш үчүн үй-жайын таштап, Париж менен Бишкектин ортосунда чапкылап калды. Алтайдан Ала-Тоого эр Манастын келиши бир тең болсо, Парижден Бишкекке «Манас» эпосунун келиши бир тең болуп, Карганбек Самаковдун канча нервдери короп, акыры тилегине жетти. 4-декабрь эл аралык «Манас» эпосунун күнү, бул күнү Бакуда ЮНЕСКОнун жыйыны өтүп Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги баалуулуктар мурасына кошулган.

Арсылдап үрүп, арсыз обонун созгондор, «Манас» эпосуна асылгандар түбү оңбой калчу эле. 90 жыл мурун «Манас» эпосунан кынтык таап, аны колдогон Тыныстанов сыяктуу көп кыргыз патриотторду, 70 жыл мурун Байжиев, Бектенов, Саманчиндерди каматып, акыры алар туура бааларын алган, Карганбек Самаков да 157 мамлекеттин макулдугун алып, «Манас» эпосун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, ЮНЕСКОдо 198 мамлекеттин колдоосун жеңип келген. Бул ишке жеке эсебинен миллиондорду жоготкон Карганбек Самаков «Манас» эпосун кыргызга алып келгени үчүн рахат отуна бөлөнүп турганда, кыргыз эли кошо сүйүнүп, кош колдоп колдоп турса да, ич күйдүүлүгү ай- асманды сермеп турган, адам келбетин кийишкен желдеттер аяшкан жок. Арийне, эр Манастын арбагы өзү батасын берди болуш керек! Кытайдан Манасты кайырып келип, ааламга боз үй, ала кийиз менен шырдакты тааныткан, кыргыздын патриоту, бирок ага тагылган жалаалардан улам, эл сүйбөгөн жерде акыйкаттуулукту күтүп отурган, оор дооматтардан кутулуу үчүн үмүт шооласы чачырап, эли үчүн ак кызматын кайрадан кылууга даяр, заманыбыздын залкар уулдарынын бири Карганбек Самаков.

Илгери Маркс Европада бир караан жүрөт деп айткандай, чын эле Парижде, ЮНЕСКОдо бир кыргыз карааны жүрөр эле, кыргыз үчүн иш бүтүрүп. Карганбек Самаковду ойлосок, албетте ЮНЕСКОнун элеси жарк дей түшөт. Карганбек Самаков алгач кыргыздын ала кийиз, шырдагын ЮНЕСКОдон өткөзгөн. Ал Ху Цзинтаонун заманында Кытай мамлекети баалуу мурас катары өткөзүп алган «Манас» эпосунун үчилтигин Парижден баалуулуктар мурасына өткөзүү үчүн, ал жердеги негрлерге чучук жедирип, көптөгөн акча каражаттарын сарптап «Манас» үчилтигин кыргызга алып келген. 2013-жылы 4-декабрда өз каражаты менен канчалаган манасчыларды, журналисттерди Баку шаарына алып барып келди. Ушул тарыхий окуяга катышуу мүмкүнчүлүгү болгонун жашырбай кетейин, мен бир тууганым белгилүү акын Шербет Келдибекованы акыркы сапарга узатып Баку шаарына барбай калгам. Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги Кыргызстанга кайтып келди, 4-декабрь бүткүл дүйнөлүк «Манас» эпосу күнү катары дүйнөгө таанылды. Ал кездеги Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев зор кубаныч менен Карганбек Самаков башында турган делегацияны кабыл алып, бул күн бүткүл элдик майрамга айланган. Көпчүлүктүн оюу ушул эмгеги үчүн «Кыргыз эл Баатыры» наамын бербесе да, жок дегенде «Манас» ордени менен бийлик тарабынан сыйланышын күтүп калган. Көрсө, бийликтеги кээ бир «котур ташын койнуна каткандар» ичи тарып, Самаковго билгизбей ор казып жаткан экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости